Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:52

Байден Порошенко менен Яценюкту биргеликте иштөөгө чакырды


Жо Байден менен Петр Порошенконун Швейцариядагы жолугушуусу. 20-январь, 2016-жыл.
Жо Байден менен Петр Порошенконун Швейцариядагы жолугушуусу. 20-январь, 2016-жыл.

АКШ вице-президенти Жо Байден Украина президенти Петр Порошенко жана премьер-министр Арсений Яценюк менен өз-өзүнчө телефондо сүйлөшүп, биримдикте иштөөгө чакырды. Вице-президент аларга парламентте коалиция куроо иштерин жандантууну жана өлкөдө реформа жүргүзүүнү улантууну сунуштады. Ак үйдүн басма сөз кызматы кабарлагандай, Байден украин саясатчыларына коомдун ишенимин жогорулатуу зарыл болуп турганын, бул үчүн саясий күчтөр биригүүсү керектигин, жемкорлукка каршы күрөштү жандандыруу зарылдыгын белгиледи.

Узаган аптада Украинанын Жогорку Радасында коалиция таратылган. Буга парламенттеги “Самопомощь”, Радикалдык партия жана “Батькивщина” фракциялары коалициядан чыкканы негиз болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG