Эл аралык Берлинале кинофестивалында баш байге – “Алтын аюу” италиялык режиссер Жанфранко Розинин “Деңиздеги жалын” даректүү тасмасына ыйгарылды.
Германия баш калаасында эл аралык кинофестивалдын 66-айлампасы 20-февралда аныкталып, жеңүүчүлөр сыйланды.
Баш байгени алган “Деңиздеги жалын” фильминде кандуу калабадан качып, Жакынкы Чыгыштан жана Африкадан Европага агылган качкындардын тагдыры баяндалат. Андагы баш каарман – он жаштагы Самуэл. Фильмде анын тагдыры баяндалат.
Фестивалдын экинчи сыйлыгы – “Күмүш аюу” менен босниялык режиссер Данис Танович “Сараеводогу өлүм” тасмасы үчүн сыйланды. Ал эми Миа Хансен-Лёв “Болочок” аттуу тасмасы үчүн “Эң мыкты режиссура” сыйлыгын алды. (SE)