Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:10

ИИМ: Нарында кулчулукта жүргөн чабан тууралуу маалымат жалган


Ысык-Көл облусунун тургуну Нарында 10 жылдан бери кулчулукта жүрөт деген маалымат жалган болуп чыкты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кулчулукта жүргөнү айтылган Урмат ысымдуу жигит бирөөнүн мал чарбасында 20 күн иштегенин, бирок жумуш жакпай кайра кеткенин иликтөө учурунда милицияга билдирген.

Андан мурдараак Нарында "Селсаяк" рейди жүрүп, өзүн Урмат деп тааныштырган жигит кармалган. Ал 5-класстан кийин Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Арчалы жайлоосунда Сыркөз аттуу кишинин колунда малын багып, кулчулукта жүргөнүн, бир нече жолу качууга аракет кылып, кыйноого кабылганын айтып берген.

Учурда Тоң райондук милициясы Урмат мал кайтарган аймакта териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Министрлик бул боюнча толук маалымат дүйшөмбүдө берилерин билдирди. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG