Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Британия Жогорку Кеңешти колдоо үчүн 8 млн фунт берет


Десмонд Свейн жана Асылбек Жээнбеков. Бишкек. 19.02.2016-жыл.
Десмонд Свейн жана Асылбек Жээнбеков. Бишкек. 19.02.2016-жыл.

Улуу Британия өкмөтү 2021-жылга чейин Жогорку Кеңештеги стратегиялык өнүгүүлөр үчүн Кыргызстанга 8 миллион фунт берет. Бул тууралуу Британиянын эл аралык өнүгүү министри Десмонд Свейн 19-февралда Бишкекте парламент спикери Асылбек Жээнбеков менен жолугушкан учурда айтты.

Свейн Кыргызстандагы демократиялык жетишкендиктер мактоого арзый турганын белгиледи. Лондон өкүлү Жогорку Кеңеш депутаттарын Британияга барып, тажрыйба алмашып келүүгө чакырды. Андан сырткары, Жээнбековго расмий сапар уюштурууну сунуштады.

Тараптар экономикалык кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстанга инвестиция салуу маселесин талкуулашты.

Десмонд Свейн Бишкекте 18-19-февраль күндөрү болду.

XS
SM
MD
LG