Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:12

Хомс калаасындагы кош жардыруу элүүдөй адамдын өмүрүн кыйды


Сириянын түндүк тарабындагы Хомс шаарында бүгүн кош жардыруу болуп, кеминде 46 киши мерт кетти. Бул тууралуу баш кеңсеси Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктары боюнча борбор кабарлады.

“Рейтер” агенттиги тараткан билдирүүгө ылайык, алгач өкмөт күчтөрү көзөмөлдөп турган аймакта бомба орнотулган унаа жарылган. Анын артынан Захра районундагы аскерлердин көзөмөл пунктунун алдында жанкечти өзүн жардырган.

Мамлекеттик телеканалдар ондогон кишилер жараат алганын көрсөттү. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG