Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:55

Киевде улутчулдардын жүрүшү өттү


Киевдеги оңчулдардын акциясы
Киевдеги оңчулдардын акциясы

Өздөрүн “Революциялык оңчул күчтөр” деп атаган топтун миңге жакын мүчөсү жекшембиде Киевдин борборуна чогулуп, өкмөттүн отставкасын тылап кылышты. Акциянын катышуучулары Төбөлсүздүк аянтына алты чатыр тигишип, түнү менен калууну пландап жатканын айтышты. Ал эми 20-февралда белгисиз адамдар Киевдеги эки орусиялык банктын терезелерин таш менен сындырып, ичиндеги эмеректин баарын чыгарып кетишкен. Полиция бул боюнча кылмыш иш козголгонун билдирди. Чабуулдар экс-прездент Виктор Януковичтин режиминин кулатылганынын эки жылдыгы белгиленип жаткан маалда болду.

2014-жылдын 20-февралында болгон окуялар 106 адамдын өмүрүн алган.

XS
SM
MD
LG