Линктер

ишемби, 25-февраль, 2017 Бишкек убактысы 15:36

Орусиянын коргоо министри Тегеранга барды


Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу жекшембиде Тегеранга барды. Президент Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун билдиргенине караганда, бул сапар Орусия менен Иран ортосунда жүргүзүлүп жаткан диалогдун алкагында жасалууда. Өткөн аптанын башында Москвага Ирандын коргоо министри Хосейн Дегхан келип кеткен. Ал президент Владимир Путин менен да жолугушкан. Министр Шойгу дагы Ирандын президенти Хасан Роухани менен жолугушканын жергиликтүү телеканалдар маалымдашты.

Шойгунун сапары Сирия кризисин жайгаруу боюнча эл аралык сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан маалга тушташ жасалууда. Москва менен Тегеран Сирия кризисин чечүүдө президент Башар Асадды колдоп келишет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG