Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:41

Мичиганда алты адамды өлтүрүүгө шектелген киши кармалды


Мичиган. Атышуу болгон жер.

Мичиган. Атышуу болгон жер.

АКШнын Мичиган штатында ишембинин кечинде алты адамды атып өлтүрүп, дагы экөөнү жарадар кылды деп шектелген адам кармалды. Полициянын билдиргенине караганда, 45 жаштагы Жейсон Далтон көп кабаттуу турак жайдын алдында туш келди адамдарга ок чыгарган.

Азырынча Далтонду бул кылмышка эмне түрткөнү белгисиз. Учурда камакта жаткан Далтондун автоунаасынан жарым автоматташкан тапанча табылган. Полиция ал мурда соттолгон эместигин билдирет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG