Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

Украинада улутчулдар көчөгө чыгышты


Украина, Киев, Майдан, 21-февраль, 2016-жыл.
Украина, Киев, Майдан, 21-февраль, 2016-жыл.

Киевдин борборуна чыккан миңден ашуун демонстранттар өкмөттү кетирүү талабын коюшту. Алар 21-февралда Киевдеги Эгемендик аянтына жайгашып, түнү бою туруу планы бар экенин жарыялашты.

20-февралда улутчулдар Киевдеги орус банктарынын филиалардын таш-бараңга алышып, кеңсе буюмдарын талкалашкан. Полиция окуяга аралашкан эмес, бирок кылмыш ишин козгогону кабарланды.

Киевде демонстрация менен акциялар Виктор Януковичти бийликтен кулатуунун экинчи жылдыгын эскерүүгө байланыштуу өткөрүлө баштаган. Өткөн жумаларда Украинада саясий күрөш күчөп, президент Петр Порошенко өкмөт башчы Арсений Яценюкту кызматтан кетүүгө үндөгөн эле, бирок Яценюк парламентте добуш берүүдө бийлигин сактап калды. (AiT)

XS
SM
MD
LG