Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:41

Орусиянын коргоо министри Сирия боюнча Тегеранда сүйлөшүү өткөрдү


Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгунун Иран президенти Хасан Роухани менен Тегеранда жолугушуусу.

Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгунун Иран президенти Хасан Роухани менен Тегеранда жолугушуусу.

Министр Сергей Шойгу 21-февралда Иран президенти Хасан Роухани жана коргоо министри Хоссейин Дехкани менен сүйлөштү. Ирандын ИРНА маалымат каражатынын жазуусуна караганда, Сергей Шойгу орус президенти Владимир Путиндин катын президент Роуханиге тапшырды. Ошондой эле Сергей Шойгу Сирияда ок атууну токтотуу жана тынчтык сүйлөшүү боюнча Орусиянын позициясын түшүндүрдү.

Бул сапар алдында АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Сирияда ок атууну токтотуу боюнча АКШ жана Орусия“убактылуу келишимге” жетишкенин кабарлаган эле. Орусия жана Иран беш жылдан бери жарандык согуш жүрүп келаткан Сирия президенти Башар ал-Асадды колдоп келатат. Шойгу жана Дехкани 16-февралда Москвада жолугушуп, сүйлөшкөн. Иран Орусиядан абадан коргонуучу С-300 системасын жана Су-30 аскерий учагын сатып алууну көздөөдө. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG