Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:19

Сириядагы жардыруулар жүздөн көп кишинин өмүрүн алды


Сириянын Хомс шаарындагы жардыруудан кийин.

Сириянын Хомс шаарындагы жардыруудан кийин.

Британияда жайгашкан адам укуктары боюнча Сирия уюмунун 21-февралдагы маалыматына караганда, өкмөт көзөмөлдөгөн Хомс шаарында бомба салынган эки автоунааны жардыруудан 59 киши набыт болду.

Бул жардыруудан көп өтпөй көбүнчө шииттер отурукташкан Дамаск шаарынын түштүк жагында жанкечтинин автоунааны жардыруусунан 50 киши өлдү. "Ислам мамлекети" деп аталган террорчу топ бул жардырууларга жоопкерчиликти алды. Бул арада Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусия жана АКШ Сирияда ок атышууну токтотуу боюнча “убактылуу келишимге” жетишкенин, бирок ал президенттер тарабынан бекитилиш керектигин маалымдады:

-Ал аягына чейин толук чыгарыла элек. Жакынкы күндөрү биздин президенттер Барак Обама жана Владимир Путин сүйлөшүп, бул маселени аягына чыгарат деп күтүп жатам.

Жон Керри Сирия маселесин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG