Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:19

Лондондо кыргызстандыктардын “Келечек” аттуу форуму өтөт


Лондон шаары.

Лондон шаары.

Британия баш калаасында 28-февраль күнү ал жактагы кыргызстандыктардын башын бириктирген форум өтөт. Аны Лондондо иштеп жүргөн кыргыз жарандары уюштурууда.

Форумдун “Фейсбуктагы” баракчасында жазылгандай, мекендештер британ коомуна кантип интеграцияланып жатканын талкуулашмакчы. Чогулгандар ушул жаатта тажрыйба бөлүшүп, келечектеги максаттар тууралу ой бөлүшөт. Британ жергесинде мындай форум алгач ирет өтүүдө.

Расмий маалыматтарга караганда, Британияда 200дөй кыргызстандык бар. Бейрасмий андан бир топ көп экени айтылат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG