Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:36

Eurovision-2016 cынагына Украина Кыргызстанда төрөлгөн Жамаланы тандады


Жамала "Азаттык" радиосунун украин кызматынын кеңсесинде.

Жамала "Азаттык" радиосунун украин кызматынын кеңсесинде.

Украинада 21-февралда Eurovision-2016 сынагынын улуттук тандоо туру аяктап, ырчы Жамала жеңишке жетти. Эми ал май айында Швецияда өтө турган популярдуу ыр сынакта Европанын башка мамлекеттеринин ырчылары менен күч сынашат.

32 жаштагы Жамаланын чыныгы ысымы — Сусана Жамаладинова. 1983-жылы Кыргызстандын Ош шаарында төрөлгөн. Кыргызстанга анын чоң аталары көчүп келген

Сынакта Жамала советтик диктатор Иосиф Сталиндин буйругу менен ата-бабаларынын Борбор Азияга жапырт көчүрүлүшү тууралуу ырдамакчы. Ыр “1944” деп аталат.

Мазмуну англисче, кайырмасы крым-татарлардын тилинде жазылган ырда 1944-жылдын майында 250 миңге жакын татарлардын мажбурлап жер которгону баяндалат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG