Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:53

Сирия: Хомс жана Дамасктагы теракт курмандыктары 140 кишиден ашты


Хомс шаарындагы жардыруудан кийинки абал. 21-февраль, 2016-жыл
Хомс шаарындагы жардыруудан кийинки абал. 21-февраль, 2016-жыл

Сириянын эки ири шаарында 21-февраль күнкү жардыруулардын курмандыктары 140 кишиден ашканын баш кеңсеси Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктарынын борбору кабарлады. Жараат алган жүздөгөн кишилердин так саны маалым эмес.

Мамлекеттик телеканалдар төрт жерде жардыруу болгонун айтууда. Алгач Хомс шаарында эки, анын артынан эле Дамаскта эки жарылуу болду. Аны уюштуруу жоопкерчилигин “Ислам мамлекети" деп аталган террорчу топ өзүнө алды.

XS
SM
MD
LG