Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:59

Кыргыз балбандары Азия чемпиондугунан ийгиликтүү кайтышты


Алтын медаль алгандардын бири - Каныбек Жолчубеков.

Алтын медаль алгандардын бири - Каныбек Жолчубеков.

Кыргызстандык балбандар Бангкокто өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугунда үч алтын, эки күмүш, беш коло байгенин ээси болушту. Мелдештер 17-21-февраль күндөрү өттү. Биргелешкен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, грек рим күрөшүнөн Каныбек Жолчубеков (-59 килограмм) менен Жанарбек Кенжеев (-85 килограмм) алтын медаль тагынышса, Мурат Рамонов (-130 килограмм) күмүш байге алды . Руслан Царев (-75 килограмм) менен Үзүр Жусупбеков (-98 ккилограмм) коло байгеге ээ болду.

Кыз-келиндер күрөшүнөн кыргызстандык үч балбан кыз күч сынашууга чыгып, алардын арасынан 58 килограммга чейинки салмакта Айсулуу Тыныбекова финалда казакстандык Айым Абдилдинаны утуп, чемпинон аталды.

Эркин күрөштөн Магомед Мусаев 97 килограммга чейинки салмакта финалга чыгып, ирандык Реза Мохаммад Али Язданиге жеңилип күмүш байге алды. Ошондой эле эркин күрөшчүлөр Саякбай Усупов (-74 кг), Улукбек Жолдошбеков (-57 кг) жана Айаал Лазарев (-125 кг) коло медалын тагынышты. (ECh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG