Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:10

Тажикстанда Ооганстанга өтүп кеткен жоокер 17 жылга соттолду


Тажикстанда аскердик трибунал чек арачы аскер Фатхулло Файзуллозоданы 17 жылга эркинен ажыратты. Жоокер өткөн жылы ноябрда кызмат өтөп жаткан жерин таштап, талип согушкерлерине кошулуу үчүн Ооганстан менен чек арадан мыйзамсыз өткөн деп айыпталган. Куляб гарнизонундагы бүгүнкү сот жабык эшик артында өттү.

Файзуллозодага каршы Кылмыш-жаза кодексинин төрт беренеси боюнча иш козголгон. Чек арачы Ооганстан полициясы тарабынан кармалып, ал жактан Тажикстанга өткөрүлүп берилген. Тергөөчүлөрдүн ырасташынча, ал кошуна өлкөгө бир нече жылдан бери Ооганстанда жашап жаткан агасы Сайфуллонун кеңеши менен качкан. Сотто Фатхулло Файзуллозода "Ансарулло" экстремисттик тобуна мүчө болуп киргенин мойнуна алды.

XS
SM
MD
LG