Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:04

Журналисттин сабалышын парламентте козгоо маселеси карала элек


Журналист жана саясат талдоочу Турат Акимовдун сабалышы жана жабырлануучу буга ички иштер министри Мелис Турганбаевди күнөөлөп жатканы боюнча парламенттин Укуктук маселелер жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитетинде кеп козголо элек. Бул тууралуу аталган комитеттин төрага орунбасары Искендер Матраимов “Азаттык” үналгысына билдирди.

-Бүгүн комитеттин жыйыны болгон жок. Регламент боюнча ар шейшембиге чогулабыз. Бирок эртең майрам болуп калды. Ошондуктан комитет мүчөлөрү менен кеңешип, анан бул теманы көтөрөбүз. Азырынча сүйлөшүүлөр болгон жок.

“Деньги и власть” гезитинин башкы редактору Турат Акимовго 20-февралга караган түнү Бишкектеги үйүнүн жанында белгисиз киши кол салган. Акимов башынан, колунан жараат алган.

Журналист кол салуунун артында ички иштер министри Мелис Турганбаев турганын ишенимдүү билдирип, бул үчүн далилдүү фактылары бар экенин айтууда. Министрлик бул айыптоону негизсиз деп атады

Окуя боюнча кылмыш иши ачылып, Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү иликтеп жатат. Бирок журналист ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүп берүүнү суранууда. Бул боюнча тергөөнү президент Алмазбек Атамбаев жана омбудсмен жеке көзөмөлдөрүнө алган. (SE)

XS
SM
MD
LG