Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:41

Украин бийлиги орусиялык банктарга чабуулдарды иликтейт


Украина бийлиги орусиялык банктарга чабуулдар боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

2014-жылы болгон антиөкмөттүк чыгууларды эскерүү жумалыгында Львов шаарында Сбербанктын бир бөлүмүнө өрт коюлган, экинчисине да ошондой аракет көрүлүп, бирок тез эле өчүрүлгөн.

21-февралдан 22сине караган түнү орусиялык VTB деп аталган дагы бир банктын филиалдарына кол салуу болгон. Андан тышкары Сбербанктын Мариуполь шаарындагы бөлүмүнө да чабуул катталды. Анын алдында баш калаа Киевде Сбербанк жана "Альфа банктын" терезелери талкаланып, кеңселери талоонго учураган. Жаштардын тобу Украинанын эң бай адамы – Ринат Ахметовдун борбор шаардагы кеңсесин да таш баранга алышкан.

XS
SM
MD
LG