Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:17

Өкмөт башчы АКШ элчисин кабыл алат


АКШнын "Манас" аба майданындагы Транзиттик борбордун ачкычын Кыргыз улуттук гвардияга тапшыруу, 3-июнь, 2014-жыл.

АКШнын "Манас" аба майданындагы Транзиттик борбордун ачкычын Кыргыз улуттук гвардияга тапшыруу, 3-июнь, 2014-жыл.

Премьер-министр Темир Сариев 24-февралда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни айымды кабыл алат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, жолугушууда кыргыз-америка кызматташуу боюнча сүйлөшүү өткөрүлөт.

Кыргызстан менен АКШнын мамилеси "Манас" аба майданындагы Транзиттик борбордун чыгарылышы менен салкындаган. Өткөн жылы АКШнын Мамлекеттик департаментинин сыйлыгы Кыргызстанда өмүр бою түрмөгө кесилген Азимжан Аскаровго ыйгаруусу кыргыз өкмөтүнүн кыргыз-америка кызматташуусу боюнча 1993-жылкы келишимден чыгуусуна алып келген. Акыркы мезгилде эки өлкө бузулган мамилени калыбына келтирүүгө аракеттенүүдө. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG