Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:07

Диний жогорку билимсиз медресе башчылары аттестацияга киргизилбейт


Бишкектин Жал кичирайонундагы мечит.
Бишкектин Жал кичирайонундагы мечит.

Кыргызстандагы медреселердин 92% башчысы диний жогорку билими тууралуу диплому жоктугуна байланыштуу аттестацияга киргизилген жок. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия алар кызматынан четтетилерин маалымдады.

Аттестациялык комиссиянын төрагасы Абдулла Асранкуловдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, 2014-жылы киргизилген эреже боюнча медресе башчылары диний жогорку билимге ээ экенин тастыктаган дипломдуу болууга тийиш.

24-февралдан тарта Кыргызстандагы медреселер жана дин ишмерлери аттестациядан өткөрүлөт. Бир ай ичинде муфтияттын алдындагы аттестациялык комиссия медреселердин окутуу стандарттарын, ал эми медресе башчыларын араб тилин билүүсүн, мамлекеттик жана диний мыйзамдар боюнча сабатын текшерүүгө алат.

Аттестациядан өтүү тууралуу алдын ала арыз менен Кыргызстандагы 101 медресенин ичинен 72 медресе башчылары кайрылган.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия диний жогорку билими тууралуу диплому жок медресе башчыларын кызматтан бошотуу тууралуу сунушун муфтиятка жолдомокчу.(ZKo)

XS
SM
MD
LG