Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:41

13 жаштагы Айчүрөккө жардам берүүнү каалагандар көбөйдү


Майып энесин жана бир тууган инисин багуу үчүн эртеден кечке базарда баштык жана кагаз кутунун калдыктарын чогултуп иштеген Айчүрөк тууралуу “Азаттык” жазгандан кийин, социалдык тармактарда кызга жардам берүүнү каалагандар көбөйдү. Айчүрөккө жардам берүүгө ынтызарлыгын өлкөнүн ар кайсы аймактарында жашаган жарандар, чет мамлекеттердеги кыргызстандыктар да билдиришүүдө.

Учурда WhatsApp жана башка социалдык тармактарда атайын Айчүрөккө акча чогултуп үчүн топтор түзүлүүдө. Айчүрөктүн апасы Ырыскан Сулайманова «Азаттыкка» адамдар үйүнө чейин келип, акчалай, кийим-кече жана тамак-аш жагынан жардам берип жатышканын билдирди. Анын айтуусунда, макала сайтка жарыялангандан бери 100 чамалуу киши келип, жардам берген.

Айчүрөк Сулайманова Бишкек шаарындагы мектептердин биринде 7-класста окуйт. Ал баспай калган майып апасы, 10 жаштагы иниси менен Ош базарына жакын жердеги жатакананын бир бөлмөсүндө айына 6 миң сом төлөп турушат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG