Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:43

Москвада мекендешин бычактап өлтүргөн кыргызстандык кармалды


Ички иштер министрлиги маалымдагандай, 16-февраль күнү Москва облусунун Ивантеевка шаарындагы үйлөрдүн биринен мууздалган кишинин өлүгү табылган. Ал 21 жаштагы аксылык Мунарбек аттуу жаран болуп чыккан.

Кыргызстандын милициясы Орусиянын ички иштер кызматкерлери менен чогуу жүргүзгөн иликтөө иштеринин натыйжасында маркум 16-февралга караган түнү Жумабек аттуу жердеши менен чогуу спирт ичимдигин ичкенин, пикир келишпестиктин айынан 20 жаштагы Жумабек аны бычактап салганы белгилүү болгон.

ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү 18-февраль күнү бул ишке шектүү делген Жумабекти кармап, камакка алды.

Орусияда 500 миңден ашуун кыргызстандык жарандар жашап-иштейт. Арасында жумуш табалбай, түрдүү кылмышка кириптер болгондору да арбын.(ZKo)

XS
SM
MD
LG