Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:27

Кабулда талибдер менен сүйлөшүүнүн күнү такталууда


Кабулдагы сүйлөшүүлөргө Ооганстан, Пакистан, АКШ, Кытай өкүлдөрү катышууда.
Кабулдагы сүйлөшүүлөргө Ооганстан, Пакистан, АКШ, Кытай өкүлдөрү катышууда.

Төрт өлкөнүн дипломаттары Кабулдагы жолугушууда талибдер менен бетме-бет сүйлөшүүнүн күнүн аныктоого жетишүүнү көздөөдө.
Ооганстан, Пакистан, Кытай жана АКШ өкүлдөрү бүгүн Кабул менен талибдер ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн калыбына келтирүү боюнча талкуунун төртүнчү айлампасына чогулушту. Ооган өкмөт башчысы Абдулла Абдулланын өкүлү Жавид Фейсал алгачкы түз сүйлөшүүнүн күнү ушул айдын соңуна дейре жарыяланарын билдирди.

Ооган өкмөтү менен "Талибан" өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнүн биринчи айлампасы былтыр 7-июлда Пакистанда өткөн эле. Бирок андан көп узабай "Талибан" лидери молдо Омар эки жыл мурда өлгөнү ачыкка чыккан соң сүйлөшүү уланбай калган.

XS
SM
MD
LG