Линктер

жекшемби, 26-февраль, 2017 Бишкек убактысы 23:44

Мекенди коргоочулар майрамы бүгүн Жаза аткаруу кызматында белгиленди. Аталган кызматтын башчысы Улан Бердикожоев департаменттин кызматкерлерин, ардагерлерди жана аскерлерди майрамы менен куттуктап, жылуу калоолорун айтты.

Ошондой эле бүгүн жер-жерлерде Мекенди коргоочулар күнү белгиленди. Таласта өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басарлары аскер кызматкерлерин, ооганчы ардагерлерди куттукташты. Ушундай эле иш-чара Ак-Талаа, Өзгөн райондорунда болуп өттү.

1918-жылы 23-февралда Кызыл Армия түзүлгөн. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин бул күн календарда кызыл түс менен белгиленип, “Мекенди коргоочулардын майрамы” аталган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG