Хоккей боюнча Кыргызстандын быйылкы чемпиону кайрадан Бишкектин «Арстан» клубу аталды. Бул тууралуу Кыргызстандын хоккей федерациясынын вице-президенти Мурат Жакыпов «Азаттыкка» билдирди.
Маалыматка караганда, 22-февралда Бишкектеги шаардык музмайданда чемпиондуктун 3-айлампасынын жыйынтыктоочу оюндары болуп өттү. «Арстан» клубу финалда «Кыргыз темир жолу» командасын 3:1 эсебинде утуп алды.
«Арстан» клубунун оюнчулары былтыр финалда Нарындын «Ала-Тоо Дордой» командасын жеңип, чемпион аталып өтмө кубокту алышкан эле. Экинчи жолу өлкө чемпиону болуу менен өтмө кубок “Арстан” клубунда биротоло калды.
Коло байгеге бул чемпиондукта «Хан-Тенгри» командасы ээ болду. Үчүнчү орун үчүн беттеште алар «Байзак» командасын 9:0 эсебинде утуп алган. Чемпиондуктун жыйынтыгы менен улуттук курама команданын мүчөлөрү аныкталып, кыргыз хоккейчилери Азиянын “Чакырык кубогунун” оюндарына даярданышат. Быйыл аталган мелдеш 8-15-апрель күндөрү Бишкекте өтөт. Ага Кыргызстан, Индия, Катар, Оман, Малайзия жана Макаонун хоккей боюнча улуттук курама командалары катышат.(Ech)