Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:13

Өзбекстанда Башкы прокуратураны атайын комиссия көзөмөлдөйт


Өлкө Сенатында Башкы прокуратуранын ишмердигине көзөмөл жүргүзө турган атайын комиссия түзүлдү. Сенаттын кабарлашынча, 15 адамдан турган комиссия прокуратура тармагына парламент көзөмөлүн орнотот.

Өзбек парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы жана Сенаты тарабынан кабыл алынган кош чечимге караганда, комиссия мүчөлөрү сенаторлор арасынан шайланат. Комиссия эки жылда бир Сенатка баяндама жасап турат.

Президент Ислам Каримов былтыр 8-декабрда өлкө конституциясынын 23 жылдык салтанатында сүйлөп жатып прокуратура тармагын катуу сынга алган жана башкы көзөмөл органдын кызматкерлерине байланыштуу соңку тогуз айда 426 арыз түшкөнүн айткан. Каримов муну менен катар Сенатка кыска убакыт ичинде бул тармакка көзөмөлдү күчөтүү чараларын караштырууну тапшырган эле.

XS
SM
MD
LG