Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Беларуста кармалган тажик активисти бошотулду


Беларустун Брест шаарындагы тергөө абагында кармалып турган "Группа 24" оппозициялык тобунун активисти Шабнам Худойдодова кечээ бошотулганын аталган өлкөдөгү "Вясна" укук коргоо уюмунун өкүлү Анастасия Лойко ырастады. Анын эркиндикке чыгышына расмий түрдө качкын макамын алышы себеп болгон.

"Вясна" уюму ушул айдын башында тажик активистин коргоого жана анын Тажикстанга өткөрүлүп берилишине каршы интернет аркылуу кол топтоо акциясын баштаган. 30 жаштагы Шабнам Худойдодова былтыр 15-июнда орус-беларус чек арасынан кармалган. Ал БУУнун Качкындар иши боюнча башкармалыгынын Беларустагы өкүлчүлүгүнө качкын макамын алуу өтүнүчү менен кайрылганы бараткан эле. Беларус тарап Шабнам Худойдодова эл аралык издөө салынгандардын тизмесинде болгону үчүн кармалганын билдирген. Андан соң Евробиримдик Беларусту Худойдодованы Тажикстанга өткөрүп бербөөгө чакырган.

Оппозициялык "Группа 24" тобу Тажикстанда 2014-жылдын октябрында экстремисттик деп табылып, ишмердигине тыюу салынган. Топту негиздеген тажик оппозициялык саясатчысы Умарали Куватов 2015-жылдын 5-мартында Түркияда белгисиз бирөөлөр тарабынан атып өлтүрүлгөн. Тажик президенти Рахмондун өлкө сыртындагы каршылаштары Куватовдун өлүмүн расмий Дүйшөмбүдөн көрүп келишет.

XS
SM
MD
LG