Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:08

Талиптер менен сүйлөшүү марттын башында өтүшү күтүлүүдө


Кабулдагы "төрттүктүн" жыйыны.

Кабулдагы "төрттүктүн" жыйыны.

Ооган өкмөтү менен талиптердин бетме-бет сүйлөшүүсү марттын биринчи жумасында Исламабадда өтүшү белгиленүүдө. Төрт өлкөнүн дипломаттарынан турган топ 23-февралда Кабулдагы жолугушуудан кийин ушундай жыйынтыкка келишкенин жарыялашты. Ооганстан, Пакистан, Кытай жана АКШ өкүлдөрү шейшемби күнү Кабул менен талиптер ортосундагы тынчтык сүйлөшүүнү калыбына келтирүү боюнча талкуунун төртүнчү айлампасына чогулган. Бирок бул жолугушууга талиптер катышар-катышпасы так айтылган жок.

Ооган өкмөтү менен "Талибан" өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнүн биринчи айлампасы былтыр 7-июлда Пакистанда өткөн эле. Бирок андан көп узабай "Талибан" лидери молдо Омар эки жыл мурда өлгөнү ачыкка чыккан соң сүйлөшүү үзгүлтүккө учураган. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG