Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:04

Премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 24-февралда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни айымды кабыл алат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, жолугушууда кыргыз-америка кызматташуу боюнча сүйлөшүү өткөрүлөт.

Кыргызстан менен АКШнын мамилеси "Манастан" Транзиттик борбордун чыгарылыш менен салкындаган. Өткөн жылы АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстанда өмүр бою түрмөгө кесилген Азимжан Аскаровго сыйлыгын ыйгарганда кыргыз өкмөтү кыргыз-америка кызматташуусу боюнча 1993-жылкы келишимден бир тараптуу чыккан эле. Акыркы мезгилде эки өлкө бузулган мамилени калыбына келтирүүгө аракеттенүүдө. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG