Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:58

Самаковдун соту уланууда


Жергиликтүү элдин айдоо жердин мыйзамсыз өзгөртүлүп кетишине нааразылык акциясы, 28-май, 2014-жыл.
Жергиликтүү элдин айдоо жердин мыйзамсыз өзгөртүлүп кетишине нааразылык акциясы, 28-май, 2014-жыл.

Мурунку депутат Карганбек Самаковго байланыштуу бүгүнкү соттук териштирүүдө анын экс-президент Курманбек Бакиев менен анын жакындарына жылуу мамиледе болгону далилденген жок.

Бир нече жыл мурда Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген Мария Устенова 42 гектар айдоо аянтын мыйзамсыз трансформациялоо менен жергиликтүү дыйкандарга зыян келтирилгенин белгиледи. Анын айтуусунда, 2007-жылы бул жерлерде аквапарк курулат деп айтылып, бирок мыйзамсыз түрдө 49 жылга ижарага берилип кеткен.

“Эгер жогорку жактын кийлигишүүсү болбосо, мынча аянттагы жер трансформация болмок эмес”, деди күбө сотто көрсөтмө берип жатып.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун иши Октябрь райондук сотунда каралууда. Самаковго жана дагы бир топ адамга карата кылмыш иш былтыр 14-майда козголгон. Алар Чүйдүн Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айылдарында жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялаган деп айыпталууда.

Карганбек Самаков иши каралып бүткөнчө өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат жазып берген. Ал айыпсыз экенин айтып келатат. (AKu/ZKo)

XS
SM
MD
LG