Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:03

КТУнун Кара-Балта филиалынын кызматкерлери айлык алыша элек


Раззаков атындагы техникалык университеттин Кара-Балта филиалынын күзөтчүсү Роза Жумагулова “Азаттыкка” беш айдан бери айлык акы ала электигин кабарлады:

-Күзөт кызматында тургандарга таптакыр айлык бериле элек. Мугалимдерге болсо өткөн жумада бир аздан эле бериптир. Бир, бир жарым айдыкын эптеп бериптир. Бизге болсо такыр эле жок. Октябрдан бери айлык албай, карызга жашап, кыйналып кеттик.

Буга чейин аталган филиалдын мугалимдери жана кызматкерлери Билим берүү министрлигине, КТУнун жетекчилигине кайрылып, айлык акысын берүүнү талап кылышкан. КТУнун Кара-Балта филиалынын директору Санаргүл Абдылдаева айлык акылар банк аркылуу төлөнүп жатканын “Азаттыкка” билдирди:

-Айлык акылар берилип атат. Банктагы эсептерине түшүп атат. Мүмкүн алар карточканы колдонууну билбей жатышкандыр. Биздин эсепчиге кайрылышса да болот.

Директор айлык акынын октябрь айынан бери берилбей келгенин мурунку институттун КТУнун филиалы болуп өзгөртүлгөнүнө байланыштырды.(AzK;ZKo)

XS
SM
MD
LG