Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:38

Ысык-Көлдө ишкерлер нааразылык акциясына чыгышты


Ишкерлердин нааразылык акциясы.
Ишкерлердин нааразылык акциясы.

Ысык-Көл облустук акимчиликтин алдына акцияга чыккан "Зарна" ишканасынын жетекчиси Азиза Мамбетказиева митингге күч кызматкерлеринин жеке ишкерлерге карата жасаган мыйзамсыз иш аракеттерин талдап, мыйзам ченеминде баа берилишин суранып чыгышканын “Азаттыкка” билдирди.

Ишкерлер ошондой эле 3 талап жазылган кайрылуусун президент А. Атамбаевге, Жогорку Кеңештин төрагасы А. Жээнбековго, премьер-министр Т. Сариевге жиберишмекчи. Анда күч органдары, соттор жана текшерүүчү органдар, экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшү боюнча башкармалыктын айрым кызматкерлерин коррупцияга малынганы, жергиликтүү чакан жана орто ишкерлик ушундай адамдардын айынан жабыркап жатканы тууралуу айтылган.

Нааразы болгон тарап менен өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн жардамчысы, облустук милициянын жетекчиси жана облустук финансы полициясынын башчысы жолукту. Бул маселе кийинки аптадагы координациялык кеңешмеде каралары белгилүү болгон соң, митингге чыккандар тарашты.(AsM)

XS
SM
MD
LG