Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:16

Жалал-Абадда окуучулар табигый кырсыктан коргонууну үйрөнүүдө


Шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан бүгүн №10 гимназия мектебинде өрт кырсыгы жана жер титирөөдөн коргонуу чаралары тууралуу окутуу өттү. Мындай кабарды аталган мекемеден “Азаттыкка” билдиришти.

"Тез жардам" кызматы менен ӨКМдин куткаруучулары биргеликте уюштурган иш чарада кырсык учурунда мектеп жамаатынын ыкчам аракети көрсөтүлүп, кырсыктаган окуучуларга биринчи медициналык жардам берүү ыкмалары үйрөтүлдү.

Облустагы 470 мектептин 20га жакыны авариялык абалда деп табылганына карабай, ал мектептерде балдар билим алып келатышат.(RsK)

XS
SM
MD
LG