Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Трамп Невададагы баштапкы шайлоодо жеңишке жетти


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШда президенттик шайлоого талапкер тандоо жараянында Республикалык партиянын Невада штатындагы ич ара таймашында миллиардер Дональд Трамп алдыга чыкканын CNN телекомпаниясы кабарлады. Мындай божомол добушканалар жабылгандан кийин түшкөн алгачкы алдын-ала маалыматтарга таянып жасалды.

Алдын-ала малыматтарга караганда, Трамп 42 процент добуш менен алдыга чыкса, андан кийинки орунда Техас штатынан шайланган сенатор Тед Круз 25 процент добуш менен келатат. Флорида штатынан шайланган сенатор Марко Рубио 21 пайыз добуш топтогон.

Мындай баштапкы шайлоо ушуну менен төрт штатта өтүп, анын үчөөндө Дональд Трамп алдыга чыккан.

XS
SM
MD
LG