Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:33

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болуп киргенден тарта өлкөдөгү сөз эркиндиги начарлады, деп айтылат “Бир дүйнө” уюмунун баяндамасында. Ага ылайык, жарандык коомго, маалымат тармагына мамиле Орусиянын тажрыйбасы боюнча жасалып жатканы байкалат. “Бир дүйнө” укук коргоо кыймылы кыргыз бийлигин мына ушул көрүнүшкө көңүл бурууга үндөөдө.

Ошондой эле баяндамада 2011-жылдан бери Кыргызстан сөз эркиндиги жаатында артка кетип жатканы айтылган.

Байкоочулар акыркы убактарда журналисттерди сотко берип, кол салып, коркутуп-үркүтүү жараяндары көбөйгөнүн белгилешет. Соттун чечими менен көз карандысыз журналист Дайыр Орунбеков 2 млн. сомдук айыппулга жыгылган. Публицист Уран Ботобеков “Кабар Ордо” интернет порталына жарыялаган макаласы үчүн сот жообуна тартылып, кийинчерээк өлкөдөн чыгып кеткен. Аз күн мурун журналист, “Деньги и власть” гезитинин редактору Турат Акимовго кол салынган, ал муну өзүнүн журналисттик ишмердиги менен байланыштырууда.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG