Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Украинада урушкан тараптар бири-бирин айыптады


Украин өкмөтү менен орусиячыл жикчилер бүгүн өлкө чыгышында ок атышууну токтотуу боюнча келишим бир канча жолу бузулганы үчүн бири-бирин айыптап чыгышты. Өкмөттүк күчтөрдүн маалымат кызматы жикчил согушкерлер тарабынан акыркы 24 саат ичинде 84 жолу ок атылганын билдирди. Ошол эле учурда орусиячыл жикчилер өкмөттүк аскелер алардын Донецк менен Горловкадагы чебин көздөй 30 жолу ок атканын айтышты.

Бул атышуу немис жана француз тышкы иштер министрелри кечээ Киевге келип, украин жетекчилигин өлкө чыгышындагы кырдаалды жөнгө салууга багытталган Минск келишимин аткаруу үчүн зарыл реформаларды жүргүзүүгө чакыргандан кийин болуп отурат.

Соңку маалыматтарга караганда, Украина чыгышында орусиячыл жикчилдер менен уруш башталган 2014-жылдын апрелинен бери 9 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылган. Алардын арасында урушуп жаткан аскерлерден тыш жайкын тургундар да бар.

XS
SM
MD
LG