Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:32

Путин Сауд Арабиянын падышасы Салман менен сүйлөштү


Орусия президенти Владимир Путин шаршембиде Сауд Арабия падышасы Салман менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тарап тең Сириядагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу жолдорун издөөнү улантууга макул болду. Орус президентинин жардамчысы Владимир Кожиндин сөзүнө караганда, тараптар эки өлкө ортосундагы аскерий-техникалык кызматташтык маселелерин да талкуулашкан. Путин ошондой эле Салманга Москва менен Вашингтондун 27-февралда күчүнө кирчү Сирияда ок атышууну токтотуу боюнча келишиминин маанисин да чечмелеп берген.

Орус президенти ушул эле күнү Сирия чатагы боюнча Иран президенти Хасан Роухани менен да сүйлөштү.

Мунун алдында, кечээ АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри сенаттын эл аралык комитетинде сүйлөп жатып, Сирия боюнча Москва жана Дамаск менен сүйлөшүүлөр олуттуу натыйжа бербесе, Вашингтон экинчи "Б" планын ишке киргизерин билдирген.

Кошмо Штаттар менен Орусия 27-февралдан тарта Сирияда ок атууну токтотуу боюнча келишимге жетишкен. Ал келишим террордук деп таанылган топторго тиешеси болбойт.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG