Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:38

Орусия менен Украина транзиттик жүк ташууга чектөөнү алат


Мындай чектөө 25-февралдан тарта жоюларын Орусиянын транспорт министринин орун басары Николай Асаул бүгүн "Интерфакска" билдирди. Анын айтымында, Орусиянын бул боюнча өткөн жумадагы сунушун украин тарап кабыл алды.

Орусия Транспорт министрлиги 14-февралда өлкө жолдорунда Украинада катталган жүк ташуучу машинелер жүрүүсүнө тыюу салган. Бул чечим Украинадагы "Автомайдан" кыймылынын 11-февралдан тарта өлкө аймагынан Орусиянын жүк ташучу унааларын тосуусуна жооп чара катары кабыл алынганы айтылган.

Украин өкмөтү мындай чечим кабыл алуу менен Орусия Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерин жана өкмөттөр аралык келишимди бузганын айтып чыкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG