Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:38

Сирия оппозициясы ок атууну токтотуу келишимин аткарууга макул


Сирия.

Сирия.

Сириянын негизги оппозициялык тобу жана күрттөрдүн YPG тобу АКШ-Орусиянын ок атууну токтотуу келишимин аткарууга макулдугун берди. Сирия оппозициясы кирген Жогорку сүйлөшүү комитетинин 24-февралда тараткан билдирүүсүндө, эки жумалык ок атууну токтотуу Сириянын өкмөттүк аскерлеринин жана Орусия аба күчтөрүнүн келишимди сактоого даярдыгын көрсөтөт деп белгилеген. Күрт тобу да ок атууну токтотуу талабын аткарарын, бирок ар кандай кол салууларга жооп берерин билдирди.

АКШ жана Орусиянын ортомчулугу астында 27-февралдан тарта Сирияда ок атууну токтотуу келишимине жетишилген. Бирок бул келишимдин күчү "Жебхат ал Нусра" жана "Ислам мамлекети" деп аталган террордук уюмдарга тарабайт. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG