Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Аба ырайы: күн 25 градуска чейин ысыйт


25-февралдан 27-февралга чейин күн ысыганына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137, 198-265 чакырымдары), Ала-Бука-Канышкыя (62-100 чакырымдары) жана Красная-Горка-Ак-Таш (1-4 чакырымдары) жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдордун айрым жерлеринде тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл деп эскертет Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

26-февралда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүзү 20…25 градус ысык болот. Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -17…-22, күндүз 0…-5 градус суук. Талас облусунда түнкүсүн 1…6, күндүзү 19…24 градуска чейин ысыйт.

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 19…24 ысык болот. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11 жылуу болот. Нарында түнкүсүн -9…-14, күндүз 2…7 градус жылыйт. Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20, күндүз 0…5 градус жылуу болот.

26-февралда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 6…8° жылуу, күндүзгү температурасы 22…24° жылуу болушу күтүлөт.

XS
SM
MD
LG