Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:51

АКШ менен Орусия Сирияда ок атышууну токтотуу планы боюнча маалымат алмашты


Уруштан талкаланган Алеппо шаарынын тургундары. 18-февраль, 2016-жыл.

Уруштан талкаланган Алеппо шаарынын тургундары. 18-февраль, 2016-жыл.

Бул тууралуу бүгүн орус тарап билдирди. Бирок Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Вашингтондогу айрым расмий өкүлдөрдү пландын аткарылышына саботаж жасоого аракеттенип жатканы үчүн айыптады.

Мурдараак эгер ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуу ишке ашпай калса, Кошмо Штаттарда “Б” план бар экенин мамлекеттик катчы Жон Керри айткан эле.

Керри Сенат комитетинде сүйлөп жатып, "Москва менен Дамасктын чын ниеттүүлүгү алардын саналуу күн ичиндеги аракеттеринен далилденет",- деп белгилеген.

Вашингтондон АКШ президенти Барак Обама Сирия макулдашуусунун келечегин комментарийлеп жатып буларга токтолду:

- Биз ок атышуу токтошун күтүүдө абдан этиятпыз. Жериндеги кырдаал татаал. Бирок акыркы аптада биз коркунуч алдында калган элге гуманитардык жардам жетүү жагынан бир аз жылышка күбө болдук. Эгер алдыдагы бир нече аптада кыянатчылык басаңдаганын көрө алсак, бул түндүктө да, түштүктө да ок атышууну узак мөөнөткө токтотууга негиз түзөт, бизге Сириядагы жарандык согушту токтотуу үчүн зарыл болгон саясий жараянды көздөй жылууга мүмкүндүк берет.

Барак Обама бул сөздөрдү Вашингтондо иордан падышасы Абдалла менен жолуккан соң айтты.

АКШ менен Орусия буга чейин макулдашкан планга ылайык, Сириядагы ок атышуу 27-февралдын түн ортосунан тарта токтошу керек. Макулдашуунун шарттары “Ислам мамлекети” тобу жана башка террордук уюмдарга колдонулбайт. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG