Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:27

Греция Австриядагы элчисин чакыртып алды


Греция-Македония чек арасындагы качкындар лагери. 25-февраль, 2015-жыл.

Греция-Македония чек арасындагы качкындар лагери. 25-февраль, 2015-жыл.

Грек Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, элчи Хризула Алифери Венадан Афинага эки өлкө ортосундагы достук мамилени сактоо үчүн кеңешүү максатында чакыртылды.

Ага катар грек тышкы саясий мекемеси миграция кризиси боюнча Венадагы жыйынга алардын чакырылбаганын Австриянын “достук эмес” кадамы деп атады.

Грециянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө ошондой мигранттар жана качкындар кризисин чечүү жоопкерчилиги жалгыз өлкөгө таандык эместиги да айтылган.

Мунун алдында Австрия кечээ Словения, Хорватия, Болгария, Албания, Босния, Косово, Македония, Черногория, Сербия министрлери менен Венадагы жыйында чек арада көзөмөлдү күчөтүүнү макулдашкан эле. Алар чек араны толугу менен жаап салуу мүмкүн экенин да эскертишкен.

Бул өлкөлөрдүн Венадагы кечээги жыйынынан кийинки декларациясында белгиленгендей, “мигранттар менен башпаанек сурагандардын баарын кабыл алуу мүмкүн эмес, ички коопсуздукту жана социалдык биримдикти сактоо үчүн буга чектөө киргизилиш керек”.

Миграция боюнча Эл аралык уюм ушул аптада билдиргендей, быйылкы жылдын толук эмес эки айында эле Евробиримдиктин чек арасынан өткөн качкындар менен мигранттардын саны 100 миңден ашты, алардын 97 миңдейи Грециянын аралдарына келди.

Качкындар саны боюнча 100 миңдеген сандар былтыр июль айынан тарта айтыла баштаган.

Жалпысынан былтыр Евробиримдикке Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрүнөн, Ооганстандан бир миллиондон ашуун качкын жана мигрант кирген. (UE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG