Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Өзбек пахтасынан жасалган товарды АКШга киргизүүгө тыюу салынышы мүмкүн


Өзбекстандагы пахта терим.
Өзбекстандагы пахта терим.

Анткени, президент Барак Обама мажбурланган эмгекти колдонуу аркылуу өндүрүлгөн товарды Кошмо Штаттарга импорттоого жол ачкан мыйзамдык боштукту жапты.

Рейтер агенттиги кабарлагандай, бул - Вашингтон администрациясынын глобалдык кулчулук көрүнүштөрүнө каршы күрөшүү аракетинин алкагында көрүлгөн чара.

Адам укугун коргоочулар АКШ президентинин кадамын кубатташты.

Бирок, Кошмо Штаттардын бажы мекемеси бул тыюу салууну эми Өзбекстанда өндүрүлгөн пахтага байланыштуу да колдонобу же жокпу, азырынча анык эмес.

Пахта терим учурунда жаш балдарды мажбурлап иштетүү Борбор Азиядан Өзбекстанда кеңири жайылган көрүнүш. Өлкө жылына үч миллион тоннадан ашуун пахта өндүрөт.

“Пахта өнөктүгү” деген коалициянын укуктук кеңешчиси Брайн Кэмпбелдин “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, бул мыйзам эми Өзбекстандын пахтасынан жасалган кандай товар болбосун ал АКШда чыгарылбаган учурда да колдонулат.

Анын айтымында, президент Барак Обама кол койгон документ мажбурланган эмгектин курмандыктарына бул соода мыйзамын талаптагыдай колдонууну АКШ бажы мекемесинин кызматкерлеринен талап кылууга да мүмкүндүк берет. (UE)

XS
SM
MD
LG