Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:35

Таасирлүү талиптерди сүйлөшүүгө алып келүү Пакистанга жүктөлдү


Бул тууралуу ооган өкмөтүнүн жогорку даражалуу кызматкери билдирди. Маалыматка караганда, төрт мамлекеттин дипломаттарынын жолугушуусунда Исламабадда март айынын биринчи жумасында боло турган ооган өкмөтү менен талиптердин ортосундагы түз сүйлөшүүгө он эң таасирлүү талип лидерлерин алып келүү Пакистанга тапшырылды.

Курамына АКШ, Кытай, Пакистан жана Ооганстан кирген топ 23-февралда жолугуп, март айында эки тараптын түз сүйлөшүүсүн баштоону макулдашкан. Бирок Катарда жайгашкан талиптердин саясий кеңсеси, алар сүйлөшүү тууралуу кабардар эместигин, алар ооган өкмөтү менен сүйлөшүү үчүн шарттарын өзгөртпөгөнүн “Азаттыкка” билдирген.

Сүйлөшүүнү баштоо шарты катары талиптер АКШ баштаган коалициянын аскерлерин чыгаруу, абактагы талиптерди бошотуу жана Талибан кыймылын террорчу топтордун тизмесинен чыгаруу шартын коюшкан. (AiT)

XS
SM
MD
LG