Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:27

Мэрликке жалгыз талапкер көрсөтүлгөн. Ал КСДПнын талапкери Албек Ибраимов. Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов шайлоо 27-февралда саат 10:00до башталарын билдирип, мэр жөнөкөй көпчүлүк менен шайланат деди:

- Кыргыз Республикасынын борбору жөнүндө атайын мыйзам бар. Мына ошол мыйзамга ылайык, Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 депутаттын 30 депутаттан кем эмеси шайлоого катышуусу керек. 23 добуштан жогору добуш менен мэр шайланат.

Бишкек шаардык кеңешинде КСДП, “Ата Мекен”, “Республика” жана “Замандаш” фракциялары бар. Коалициядагы үч фракция Албек Ибраимовдун талапкерлигин колдогон. Ал эми оппозициялык “Республика” фракциясы өз талапкерин көрсөткөн жок. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG