Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

НАТО: Орусия Батыштын “жашоосуна коркунуч” келтире баштады


Филип Бридлав
Филип Бридлав

Мындай билдирүүнү НАТОнун Европадагы башкы командачысы Филип Бридлав жасап, Орусия эл аралык коопсуздук келишимдерди аткарууну эмес, аны кайра жазууну көздөйт деди:

- Чыгыш жана Европа кайра көтөрүлгөн, агрессивдүү Орусияга бет келүүдө. Орусия каршылаш болуу жолуна түшүп, Кошо Штаттарга жана Европадагы союздаштарыбыз менен өнөктөрүбүздүн жашоосуна коркунуч келтирүүдө.

АКШнын коргоо министри Эштон Картер Орусия кошуна мамлекеттерди коркутуп-үркүтүүдө деп, Москванын өзөктүк курал боюнча стратегиялык туруктуулукту сактарына күмөн саноосун билдирди. Картер жана Бридлавдын 25-февралда Конгресстин комитетинде бул билдирүүсү, Москванын Чыгыш Европа жана Жакынкы Чыгыштагы аракеттерине Вашингтондун терең тынчсыздануусун жана ага кандай жооп берүүнүн айласын карап жатканын кабарлайт.

Генерал Бридлав 2014-жылы Орусиянын Крымды аннексиясын жана Чыгыш Украинада жикчилдерди колдоосун катуу сындагандардын катарында турат. Орусия өз кезегинде Батыштын коопсуздугуна эч кандай коркунуч туудурбасын айтып келет. (AiT)

XS
SM
MD
LG