Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:46

Оогандык 5 жаштагы Муртаза Мессиден футболка алды


Муртаза Мессинин колтамгасы түшкөн футболканы 25-февралда алды.
Муртаза Мессинин колтамгасы түшкөн футболканы 25-февралда алды.

Ооганстандык өспүрүм Муртаза Ахмади Аргентина жана каталондук «Барселона» курама командаларынын чабуулчусу Лионель Мессинин колу коюлган футболканы белекке алды.

Дүйнөлүк футбол жылдызы Лионель Месси топту жана футболканы кичинекей Муртазага Кабулдагы ЮНИСЕФтин өкүлчүлүгү аркылуу жиберди. Белектерди алган соң бала “Мен Мессини жакшы көрөм жана мага жолдонгон белек анын да мени жакшы көргөндүгүн далилдейт”, деген кубанычы менен бөлүштү.

Муртаза Ахмади желим баштыктан жасалган Мессинин футболкасынын үлгүсүн кийип түшкөн сүрөтү Интернетке тарагандан кийин дүйнөгө таанылды. Анын үй-бүлөсү Ооганстандын айылдарынын биринде жашайт. Баланын сүрөтүн Интернетке Австралияда жашаган таякеси жүктөгөн.

Дүйнөлүк деңгээлде футбол күйөрмандарынын сүймөнчүгүнө айланган Лионель Месси "Барселона" менен Испания кубогун, Чемпиондор лигасын, Испаниянын суперкубокторун, УЕФА жана дүйнөлүк клубдук чемпионатынын жеңүүчүсү. 28 жаштагы футболчу жакында эле 500-голун киргизди.

XS
SM
MD
LG