Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:22

Быйылкы окуу жылга ЖОЖдорго 5,7 миң бюджеттик орун бөлүндү


Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университети.

Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университети.

Илим жана билим берүү министри Элвира Сариеванын айтуусунда, бюджеттик орунга жетишип, кесиптик билим алган улан-кыздар өздөрү жиберилген аймакта иштегиси келбесе, анда окуу үчүн мамлекет короткон каражатты төлөп берүүгө тийиш. Бирок, бир студент үчүн окуу жайы канча акча коротконун эсептеп чыгуу оор болуп жатканын министр кошумчалады.

Ушундан улам, министрлик өкмөткө бюджеттик орунда окутуу үчүн үч сунуш киргизген. Ага ылайык, ар бир студент үчүн мамлекет тарабынан атайын грант төлөнөт, экинчиден, бюджеттик орунга кабыл алуу азаят, үчүнчүдөн, бюджетте окуган студенттер окуу жайын которушса, аларга бөлүнгөн каражат кошо которулат. Министрдин белгилөөсүндө, мындай ыкма студенттерди бюджеттик каражатка окуткан ЖОЖдор арасында атаандаштыкты күчөтүп, билим берүүнүн сапатынын жогорулашына шарт түзөт.

Бир нече жыл мурун бюджеттик орунда окуган студенттер окууну аяктаган соң, кадр жетишпеген аймактарга барып, 3 жыл иштеп келүүгө милдеттендирилген болчу. Кийинчерээк мындан натыйжа чыкпай жатканына сын пикирлер айтылып келатат.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG