Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:07

Кыргызстандык ишкерлерге насыя берүү шарттарын жеңилдетүүгө фонддун кеңеши 18-февралда Москвада өткөн отурумунда макулдугун берди. Бул тууралуу Кыргызстан-Орусия өнүктүрүү фондунун коомчулук менен кызматташуу бөлүмүнүн кызматкери Кубан Сагынбеков “Азаттыкка” билдирди:

-Насыяларды берүү мурда 3 миллион сомдон кем эмес деген чек болсо, азыр аны азайтуу жагы каралууда. Ошондой эле насыяны төлөө мөөнөтүн көбөйтүү, кыйыр каржылоого уруксат берилмей болду.

Жеңилдетилген шарттар тууралуу кыргыз-орус өнүктүрүү фонду дагы кенен маалымат бермекчи.

Аталган фонд «Айыл Банк» жана «РСК Банк» аркылуу 61 айыл чарба компаниясына 367 миллион сом насыя берген.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду берүүчү жеңилдетилген насыянын жалпы кору 1 миллиард доллар. Бул акча Кыргызстанга ЕАЭБге кирүү шартында колдоо көрсөтүү максатында берилген.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG