Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

Сулайман-Тоонун алдындагы ашкана бузулду


 "Айдар-Ата" кафесин бузуу.
"Айдар-Ата" кафесин бузуу.

Сулайман-Тоонун түбүндөгү музей-комплекске таандык жерге курулган “Айдар-Ата” кафеси шаардык мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан бузулууда.

“Айдар-Ата” кафеси Сулайман-Тоонун этегиндеги музейге таандык жерде, мурунку учурларда коомдук транспорттор токтоочу аялдаманын ордуна салынган. Кафе жайгашкан жердин ижара мөөнөтү бүтсө да мамлекетке кайтарылып берилбегендиктен, Жогорку cот чечими менен сүрдүрүлүп салынышы керек болчу. Шаардык мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын юристи Канышай Нарынбаеванын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, сүрдүрүү иштери шаардык прокуратуранын талабы менен жүргүзүлүүдө:

-2007-жылы 250 чарчы метр жер Мая Айдаровага беш жылдык мөөнөткө ижарага берилген. Ал 2012-жылы мыйзамсыз түрдө Раимкулов деген жаранга сатып жиберген. Натыйжада, булар 350 чарчы метр жерди мыйзамсыз ээлеп алышкан.

“Айдар-Ата” кафеси Ош шаарындагы таасирдүү адам делген Жалил Атамбаевге таандык деп да айтылып жүргөн.(YI;ZKo)

XS
SM
MD
LG